# 11-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 11-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-11

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында катталган жактардын төмөнкүдөй категорияларына (мындан ары - субъекттер) колдонулат:

1) менчигинин түрүнө жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан ишкердик жүргүзгөн юридикалык жактарга;

2) бюджеттик мекемелерге;

3) резидент эмес субъекттердин туруктуу өкүлчүлүктөрүнө жана филиалдарына;

4) коммерциялык эмес уюмдарга жана резидент эмес субъекттердин өкүлчүлүктөрүнө;

5) патенттик негизде иш жүргүзгөн жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон жеке ишкерлерди копшогондо ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлерге (жеке жактарга).

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-2)
