# 10-берене. Финансылык отчеттуулук жана ага жалпы талаптар

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1032)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 76 "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете""](https://aqlex.ai/kg/doc/203868)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 61 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете""](https://aqlex.ai/kg/doc/203868); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 56 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О бухгалтерском учете"](https://aqlex.ai/kg/doc/203656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032#diff=1120714..1120715>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-980/edition/1120711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1032/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, 10-берене (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-10

---

1. Финансылык отчеттуулук - субъекттин финансылык абалы, ишинин натыйжалары жана финансылык абалындагы өзгөрүү жөнүндө маалымат берүү. Субъекттер ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык финансылык отчётту түзүүгө милдеттүү.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрү улуттук валюта менен түзүлүүгө тийиш.

3. ФОЭС жана КС ФОЭС каралган учурларда субъекттер топтомо (бириктирилген) финансылык отчет түзүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 11-берене. Субъектти жоюудагы финансылык отчет

1. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кредиторлор менен эсептешүү бүткөндөн кийин жоюучу комиссия (жоюучу) жоюу балансын түзүп, ага комиссиянын төрагасы жана жоюу комиссиянын чечими менен аныкталуучу бухгалтердик эсептин жүргүзүшүнө жооптуу адам кол коет жана юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган мүлк ээсинин юридикалык жагы же органы тарабынан бекитилет.

Жоюу балансын түзүүдө активдер, милдеттенмелер, капитал жана башка көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар рынок наркы боюнча, башкача айтканда, объектти сатуунун натыйжасында алынышы мүмкүн болгон акчалай каражаттардын суммасында бааланууга тийиш.

4. Субъектти анын кудуретсиздигинин (банкрот болушунун) натыйжасында жоюуда активдердин калдыктарын жана субъекттин милдеттенмелерин тиешелүү документтер менен тастыктоо аркылуу жоюу балансы түзүлөт, ага администратор кол коет жана өзүнүн иши жөнүндөгү отчет менен бирге сотко жана (же) кредиторлордун чогулушуна берилет.

5. Банкроттук жана (же) жоюлуу процессинде болгон субъекттин бухгалтердик эсебин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген талаптар эске алынат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-9)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1032/st-12)
