# 50-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 50-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-50

---

1. Бажы органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскер кызматын өтөгөн, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн белгиленген шарттарда жана ченемдер боюнча ишке ашырылат.

Бажы органдарында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бажы органдарынын кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн тиешелүү жыл узактыгын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Бажы органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну уюштуруу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын пенсия менен камсыз кылуу кызматына жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-51)
