41-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин акчалай, мүлктүк каражаты жана азык-түлүк жагынан камсыз кылуу
Күчүндө · 25.07.2019 редакциясы · V бөлүм
1. Бажы органдарынын кызматкерлеринин акчалай каражаты:
1) кызмат маянасынан;
2) ыйгарылган атайын наам боюнча маянасынан
3) жыл узактыгы үчүн, чет тилди билгендиги үчүн жана башка кошумча төлөөлөрдөн турат.
4) эгерде ал накталай түрүндө берилбесе, азык-түлүк паеогунун наркынан турат.
Иштеген кызматы боюнча маянасы жана ыйгарылган атайын наам боюнча маянасы бажы органдарынын кызматкерлеринин акчалай түрүндөгү айлык маянасын түзөт.
2. Бажы органдарынын кызматкерлерине жыл сайын акчалай түрүндөгү айлык үч маянасынан өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.
3. Бажы органдарынын кызматкерлерине бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси белгилеген тартипте жана өлчөмдө сыйлыктар төлөнүп берилет.
4. Бажы органдарынын кызматкерлерине календарлык жылдын жыйынтыктары боюнча акчалай эки маянага чейинки өлчөмдө бир жолку акчалай сыйлык төлөнүп берилиши мүмкүн.
5. Бажы органдарынын кызматкерлеринин иштеген кызматы боюнча маянсы контрабанда жана наркобизнеске каршы күрөш жүргүзүү боюнча бөлүктөрдө, бажы күзөтүндө жана коопсуздук кызматында, бажы постторунда кызмат өтөгөндүгү үчүн 15 процентке көбөйтүлөт, ошондой эле акчалай айлык маянасына кызмат мөөнөтү үчүн кошумча төлөнөт. Иштеген кызматы боюнча маянасын эсептөө тартиби, ошондой эле кызмат мөөнөтү үчүн кошумча төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын башкаруу аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн колдонулуп жаткан шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Пенсияга укуктуу болгон жана өздөрүнүн макулдугу менен бажы органдарында кызматта калтырылган бажы органдарынын кызматкерлерине иштеген кызматы боюнча маянасына аларга төлөнүшү мүмкүн болгон пенсиянын суммасынын 50 проценти өлчөмүндө ай сайын кошумча төлөп берүү белгиленет.
7. Бажы органдарынын кызматкерлери азык-түлүк паегу менен камсыз кылынат. Азык-түлүк паегун берүү ченеми же азык-түлүк паегун акчалай компенсациялоонун өлчөмү, эгерде ал накталай түрүндө берилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8. Бажы органдарынын камакка алынган кызматкерлерине акчалай каражат төлөп берүү ал камакка алынган күндөн тартып токтотула турат жана камактан чыккан күндөн тартып калыбына келтирилет.
Актоо негиздери боюнча жазык иши кыскартылганда бажы органдарынын кызматкерлерине камакта болгон бардык күндөрү үчүн акчалай каражат төлөп берилет.
9. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемелеринде күндүзгү бөлүмүндө окуп жатышкан угуучуларды акчалай жана мүлктүк каражат менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
10. Бажы органдарынын кызматкерлерине тариз кийим берүүнүн ордуна акчалай компенсациясын төлөп берүүгө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси белгилеген тартипте жана учурларда уруксат берилет.
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/102/st-41" title="41-статья - Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>