# 27-статья. Атайын наамдарды ыйгаруу жана бажы органдарында иштөөдө кызмат мөөнөтүн эсептөө өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2013 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003240..1003241>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 27-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-27

---

1. Сот жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматкерлери, коргоо, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскер кызматчылары (анын ичинде запастагылар), ошондой эле ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамына кирген адамдар бажы органдарына кызматка кабыл алынганда, ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык функционалдык ыйгарым укуктары мурдагы мамлекеттик органда ээлеген кызмат ордуна окшош болгондорго алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарына, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендерине теңдеш келген атайын наамдар ыйгарылат. Көрсөтүлгөн адамдардын иш стажы (кызматы), ошондой эле алардын мурдагы аскердик же атайын наамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын класстык чендеринин кызмат мөөнөтү алардын бажы органдарындагы кызмат өтөгөн жылдарына кошулуп эсептелет.

Көрсөтүлгөн адамдардын саналып өткөн органдарындагы иш стажы (кызматы) алардын бажы органдарындагы кызмат мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. Офицердик курамдын аскердик наамы болбогон жана аскер кызматына чакырылуучу бажы органдарынын кызматкерлерине алардын атайын наамына ылайык келген офицердик курамдын алгачкы аскердик наамы ыйгарылбайт.

2. Бажы органдарына кызматка алынган мамлекеттик уюмдардын финансылык, экономикалык, юридикалык кызматтарынын, эсептөө же маалымдоо-эсептөө борборлорунун жетекчилерине жана адистерине, ошондой эле профессордук-окутуучулар курамына алардын көрсөтүлгөн уюмдардагы иш стажылары кызмат мөөнөтүн аныктоо боюнча комиссия тарабынан бажы органдарында иштөөдө белгиленген кызмат мөөнөтүнө кошулуп эсептелиши мүмкүн. Комиссиянын курамы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-28)
