# 23-статья. Бажы органдары үчүн кадрларды даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2013 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003240..1003241>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 23-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-23

---

1. Бажы органдарынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (кайра квалификациялоо) жана квалификациясын жогорулатуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын борбордук билим берүүчү мекемелеринде жана бажы органдарынын окуу бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку же орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жүргүзүлөт.

2. Жарандар 17 жашка толгондон тартып, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелерине тапшырууга укуктуу.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелеринде күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алып жатышкан угуучуларга жалпы узактыгы алты жумадан кем болбогон каникулдар берилет.

4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемелеринин күндүзгү бөлүмүнөн окуп жаткан бүтүрүүчүгө узактыгы 30 календарлык күн болгон өргүү берилет, ал өтүп жаткан жыл үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирет.

(Экинчи абзац КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен окуп жаткан башка билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө көрсөтүлгөн мекемелерди бүтүргөндөн кийин алып чыккан адистигине жана квалификациясына ылайык бажы органдарында кызмат берүү гарантияланат.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-24)
