23-статья. Бажы органдары үчүн кадрларды даярдоо
Күчүндө · 25.07.2019 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2013 года № 52
1. Бажы органдарынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (кайра квалификациялоо) жана квалификациясын жогорулатуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын борбордук билим берүүчү мекемелеринде жана бажы органдарынын окуу бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку же орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жүргүзүлөт.
2. Жарандар 17 жашка толгондон тартып, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелерине тапшырууга укуктуу.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүүчү мекемелеринде күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алып жатышкан угуучуларга жалпы узактыгы алты жумадан кем болбогон каникулдар берилет.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемелеринин күндүзгү бөлүмүнөн окуп жаткан бүтүрүүчүгө узактыгы 30 календарлык күн болгон өргүү берилет, ал өтүп жаткан жыл үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирет.
(Экинчи абзац КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен окуп жаткан башка билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсүнө көрсөтүлгөн мекемелерди бүтүргөндөн кийин алып чыккан адистигине жана квалификациясына ылайык бажы органдарында кызмат берүү гарантияланат.
(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2013 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жыл үчүн жыл сайын берилүүчү кезектеги өргүүнүн эсебине кирет.
алынып салынды: Көрсөтүлгөн өргүүнү берүү тартиби жана шарттары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тарабынан аныкталат.
кошулду: (Экинчи абзац КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын билим … ылайык бажы органдарында кызмат берүү гарантияланат.
кошулду: (КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/102/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>