# 21-статья. Атайын тапшырмаларды аткаруу мезгилинде бажы органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 21-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-21

---

1. Бажы иши чөйрөсүндө контрабанданы жана башка укук бузууларды ашкерелөө, алдын алуу жана жол бербөө боюнча атайын тапшырмаларды аткарууга бажы органдарынын кызматкерлерин тартуунун тартиби, ошондой эле бажы органдарынын кызматкерлеринин көрсөтүлгөн атайын тапшырмаларды аткаруусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн атайын тапшырмаларды аткаруучу (аткарып жаткан) бажы органдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, көрсөтүлгөн кызматкерлердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана маалым кылынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-22)
