21-статья. Атайын тапшырмаларды аткаруу мезгилинде бажы органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү
Күчүндө · 25.07.2019 редакциясы · IV бөлүм
1. Бажы иши чөйрөсүндө контрабанданы жана башка укук бузууларды ашкерелөө, алдын алуу жана жол бербөө боюнча атайын тапшырмаларды аткарууга бажы органдарынын кызматкерлерин тартуунун тартиби, ошондой эле бажы органдарынын кызматкерлеринин көрсөтүлгөн атайын тапшырмаларды аткаруусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн атайын тапшырмаларды аткаруучу (аткарып жаткан) бажы органдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, көрсөтүлгөн кызматкерлердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана маалым кылынышы мүмкүн.
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/102/st-21" title="21-статья - Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>