# 20-статья. Кызмат боюнча которуштурууда бажы органынын кызматкерлерине берилүүчү гарантиялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2013 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203859)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003240..1003241>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 20-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-20

---

1. Бажы органдарынын кызматкерин башка жерге кызматка которууда ал кызматкерге жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө туруктуу жашаган жериндеги турак жайы белгиленген тартипте бекитилет (брондолот). Мында жаңы кызмат ордунда бажы органынын кызматерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө турак жайды жалдоого (жалдап турууга) кеткен чыгымдардын айлык акчалай компенсациясы төлөнүп берилет.

2. Башка жерге кызматка которулганда бажы органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен темир жол, аба, автомобиль транспортунда жүргөндүгү жана жеке мүлкүн ташыгандыгы үчүн тарткан чыгымдарын компенсацияланууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-21)
