# 18-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана аларды кызматта которуштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2019 [Закон КР от 25 июля 2019 года № 102 "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111956); 22.12.2011 [Закон КР от 22 декабря 2011 года № 251 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003246..1003247>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 18-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-18

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин орун басарлары кызматка бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.

3. Бажы органдарынын башка кызматкерлери кызматка бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалат жана бошотулат.

4. (КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Бажы органы жоюлгандыгына же бажы органынын кызматкерлеринин саны же штаты (мындан ары - уюштуруу-штаттык иш-чаралар) кыскаргандыгына байланыштуу бажы органдарынын кызматкерлери бошотулганда, ал акчалай акысын сактоо менен кийин ишке орноштуруу үчүн үч айга чейинки мөөнөткө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кадрлар башкармасынын карамагына жөнөтүлөт.

Бажы органдарынын кызматкерлеринин ооруп калган же кезектеги жана кошумча өргүүлөрдө болгон убактысы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кадрлар башкармасынын карамагында болгон мөөнөткө эсептелбейт.

6. (КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251, 2014-жылдын 30-майындагы № 83, 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-19)
