# 17-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2011 года № 251 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003239..1003240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 17-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-17

---

1. Бажы органдарынын кызматкерлери төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга;

2) жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга;

3) көрүнөө мыйзамсыздарын кошпогондо, бажы органдарынын башчылары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарууга;

4) жарандардын жана коомдук бирикмелердин, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканаларынын жана уюмдардын кайрылууларын өздөрүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз учурунда кароого;

5) бажы органында белгиленген ички тартип эрежелерин, ички маалыматтарды пайдалануу тартибин сактоого, кызматтык нускамаларды аткарууга;

6) кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациясын тийиштүү деңгээлде күтүүгө;

7) мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды сактоого, ошондой эле кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды жайылтпоого.

2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин ээлеген кызмат орду боюнча милдеттери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускама менен аныкталат.

3. Бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусуна ошондой эле төмөндөгүлөр кирет:

1) бажы органынын башчысы бекиткен пландарга ылайык өткөрүлүүчү жыйындарга, машыгууларга мелдештерге жана башка кызматтык иш-чараларга катышуу;

2) инсандын, өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча иш-аракеттер, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өз коопсуздугун камсыз кылуу;

3) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу барымта абалында калуу;

4) кызматына баруу жана кайтып келүү, кызматтык иш-сапарында болуу;

5) дарыланууда болуу, дарылануучу жерге баруу жана кайтып келүү.

(КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-18)
