17-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин милдеттери
Күчүндө · 25.07.2019 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 декабря 2011 года № 251
1. Бажы органдарынын кызматкерлери төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга;
2) жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга;
3) көрүнөө мыйзамсыздарын кошпогондо, бажы органдарынын башчылары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарууга;
4) жарандардын жана коомдук бирикмелердин, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканаларынын жана уюмдардын кайрылууларын өздөрүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз учурунда кароого;
5) бажы органында белгиленген ички тартип эрежелерин, ички маалыматтарды пайдалануу тартибин сактоого, кызматтык нускамаларды аткарууга;
6) кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациясын тийиштүү деңгээлде күтүүгө;
7) мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды сактоого, ошондой эле кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды жайылтпоого.
2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин ээлеген кызмат орду боюнча милдеттери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускама менен аныкталат.
3. Бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусуна ошондой эле төмөндөгүлөр кирет:
1) бажы органынын башчысы бекиткен пландарга ылайык өткөрүлүүчү жыйындарга, машыгууларга мелдештерге жана башка кызматтык иш-чараларга катышуу;
2) инсандын, өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча иш-аракеттер, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өз коопсуздугун камсыз кылуу;
3) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу барымта абалында калуу;
4) кызматына баруу жана кайтып келүү, кызматтык иш-сапарында болуу;
5) дарыланууда болуу, дарылануучу жерге баруу жана кайтып келүү.
(КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 декабря 2011 года № 251 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.12.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сакталышын, Кыргыз алынып салынды: Рес-
публикасынын кошулду: Республикасынын бардык мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга;
2) жарандардын … органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алынып салынды: ишканалары-
нын кошулду: ишканаларынын жана уюмдардын кайрылууларын өздөрүнүн кызматтык милдеттеринин алынып салынды: че-
гинде кошулду: чегинде өз учурунда кароого;
5) бажы органында белгиленген ички тартип эрежелерин, ички алынып салынды: маалы-
маттарды кошулду: маалыматтарды пайдалануу тартибин сактоого, кызматтык нускамаларды алынып салынды: аткаруу-
га;
кошулду: аткарууга;
6) кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациясын тийиштүү алынып салынды: дењгээлде кошулду: деңгээлде күтүүгө;
7) мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка … маалыматтарды жайылтпоого.
2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин кошулду: ээлеген кызмат орду боюнча милдеттери алынып салынды: иштеген кызматы
боюнча кошулду: бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускама менен аныкталат.
алынып салынды: Кызматтык нускамаларды иштеп
чыгуу жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко-
митетинин Төрагасы тарабынан белгиленет.
3. Бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин алынып салынды: атка-
руусуна кошулду: аткаруусуна ошондой эле төмөндөгүлөр кирет:
1) бажы органынын башчысы бекиткен … калуу;
4) кызматына баруу жана кайтып келүү, кызматтык иш-сапарында алынып салынды: бо-
луу;
кошулду: болуу;
5) дарыланууда болуу, дарылануучу жерге баруу жана кайтып келүү.
кошулду: (КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/102/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>