# 16-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003245..1003246>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 16-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-16

---

1. Бажы органдарынын кызматкерлери төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) иштеген кызматы боюнча өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аныктаган документтер, бажы органдарында кызмат өтөөнүн кызмат боюнча көтөрүлүүгө көмөк көрсөтө турган сапатына баа берүү критерийлери менен таанышууга, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык шарттарга;

2) кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартибинде алууга;

3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин таризине карабастан уюмдарга барууга;

4) өзүнүн кызматтык милдеттерине ылайык чечим кабыл алууга жана чечимдерди даярдоого катышууга;

5) бажы органында бош кызматты ээлөөгө өз демилгеси боюнча сынакка катышууга;

6) бажы органдарында кызматы боюнча көтөрүлүүгө, иштеген жылдарынын узактыгын, кызматынын натыйжасын жана квалификациясынын деңгээлин эске алуу менен төлөнүүчү акчалай каражаттын өлчөмүн көбөйтүүгө;

7) өзүнүн өздүк ишинин бардык материалдары менен, өзүнүн иши жөнүндөгү пикирлер менен жана өздүк ишке киргизилгенге чейин башка документтер менен таанышууга, өзү берген түшүнүктөрдү өздүк ишине тиркетүүгө;

8) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен даярдыктан, кайра даярдыктан (кайра квалификациялоодон) өтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;

9) өзүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөө үчүн алардын талаптары боюнча кызматтык тергөө жүргүзүүгө;

10) бажы органдарынын кызматкерлеринин чогулуштарына катышууга;

11) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда күч, атайын каражат, ошондой эле атылуучу курал колдонууга;

12) мыйзамдарга ылайык материалдык жана акчалай сый көрүүгө;

13) өз каалоосу боюнча бажы органдарынан бошонууга;

14) иштеген мөөнөтүнүн узактыгын эске алуу менен пенсия менен камсыз болууга;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган гарантиялардан жана социалдык коргоодон пайдаланууга;

16) бажы органдарынын кызматкерлери ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга да ээ.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-17)
