# 11-статья. Кадрлар резерви

- Документ: [Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/102)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 21.07.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2011 года № 251 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в таможенных органах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203517)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/102#diff=1003239..1003240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-90/edition/1003237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/102/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө, 11-статья (25.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-11

---

Кадрлар резерви бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талапкерлердин арасында тиешелүү сынактарды өткөрүү аркылуу түзүлөт:

- сынактык тандоого катышкан жана кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак комиссиясы тарабынан сунушталган жарандар;

- бажы органында кызматта жүргөн, аттестациянын натыйжалары боюнча жогорулатууга сунушталган жана аларды резервге киргизүү тууралуу арыз берген кызматкерлер.

Кадрлар резервине киргизүүнүн жана андан чыгаруунун шарты жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/102/st-12)
