# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 665
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1786/edition/854592/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10045

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-октябры № 665 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Айыл чарба тармагында кредит берүү шарттарын жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү секторун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 3-главанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.";

- 4-главанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
