Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 октября 2021 года № 233 "О Регламенте Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 11-октябры № 664 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-мартындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 47-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тиешелүү мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдүн күчүнө кириши үчүн аларды ратификациялоо же бекитүү зарылчылыгы жөнүндө сунуштарды киргизет:
- күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү депозитарийден (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен) алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө тышкы мамлекеттик карыз алууну (кредит, зайым алууну) жана/же грант алууну караштырган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин (анын ичинде эл аралык келишимдерди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу аркылуу түзүлгөн);
- түзүлгөн күнүнөн тартып эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери болуп саналбаган Кыргыз Республикасына зайым берүүнү караштырган келишимдердин.";
- 68-пунктунун экинчи абзацы "Делегациялардын" деген сөздөн кийин "Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын" деген сөздөр менен толукталсын; "Өкмөт мүчөлөрү" деген сөздөр "министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген)Регламент · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 27.03.2017 · № 51
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 341 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон