# 9-статья. Товардык продукцияга болгон инвестордун менчик укугу

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 9-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-9

---

1. Компенсациялык продукция, ошондой эле макулдашуунун шартына ылайык инвестордун үлүшү болуп саналган кирешелүү продукциянын бир бөлүгү менчик укугундагы инвесторго таандык.

2. Макулдашуунун шартына ылайык инвестордун менчигине келип түшкөн минералдык чийки зат жана андан иштелип чыккан продукт Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана ушул макулдашуу менен аныкталган шартта жана тартипте "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда экспортко сан жагынан чек койбой ташып кетилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-10)
