# 8-статья. Продукцияны бөлүштүрүү

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2022 года № 47 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О недрах", "О соглашениях о разделе продукции при недропользовании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112381)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004#diff=1173260..1173261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 8-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-8

---

Техникалык-экономикалык негиздемелерге ылайык аныкталуучу товар түрүндөгү продукция макулдашууга ылайык мамлекет менен инвестордун ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш, ал төмөнкүдөй шарттарды жана тартипти караштырат:

- товардык продукциянын жалпы көлөмүн аныктоону;

- товардык продукциянын макулдашуу боюнча ишти аткарууга кеткен инвестордун чыгымдарынын ордун толтуруу (мындан ары - компенсациялык продукция) үчүн анын менчигине бериле турган бөлүгүн аныктоону. Инвесторго компенсациялык продукциянын эсебинен орду толтурула турган капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келүүчү стандарттар жана ченемдер боюнча техникалык-экономикалык эсептердин негизинде макулдашуу менен аныкталат;

- жер казынасын пайдаланганы үчүн төлөмдөрдү жана компенсациялык продукцияларды төлөгөнгө пайдаланылуучу бул продукциянын бир бөлүгүн чыгарып салгандан кийин калган товардык продукция деп түшүнө турган кирешелүү продукцияны мамлекет менен инвестордун ортосунда бөлүштүрүүнү;

- макулдашуунун шартына ылайык товардык продукциянын мамлекетке таандык бөлүгүн ага берүү;

- макулдашуунун шартына ылайык товардык продукциянын инвесторго таандык бөлүгүн алуу.

Продукцияны бөлүштүрүүдө кирешелүү продукциядагы мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүүгө тийиш. Инвестор менен Өкмөттүн ортосундагы макулдашууну түзүүнүн жүрүшүндө аныкталуучу компенсациялык продукциянын үлүшү жана ошондой эле бөлүштүрүлүүчү кирешелүү продукциянын үлүшү макулдашууну жүзөгө ашырууда өзгөрүшү мүмкүн эмес. (КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-9)
