# 2-статья. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 2-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-2

---

1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу (мындан ары - макулдашуу) келишим болуп эсептелет, ага ылайык Кыргыз Республикасы ишкердиктин субъектине (мындан ары - инвестор) акысын төлөтүү менен жана белгилүү бир мөөнөткө макулдашууда көрсөтүлгөн жер казынасынын участкасында пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө жана буга байланыштуу иштерди жүргүзүүгө карата өзгөчө укуктарды берет, ал эми инвестор аталган иштерди өзүнүн каражаттарынын эсебинен жана өзүнүн тобокелчилиги менен аткарууга милдеттенет. Макулдашуу жер казынасын пайдаланууга байланыштуу бардык зарыл шарттарды, анын ичинде казып алынган минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн, өндүрүлгөн продукцияны тараптардын ортосунда ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык бөлүштүрүүнүн шарттары менен тартибин аныктайт.

2. Жер казынасын пайдалануунун макулдашууда белгиленген шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

Жер казынасынын участкасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн макулдашуунун шарттары боюнча чектелиши, токтотула турушу жана биротоло токтолушу мүмкүн.

3. Ушул Мыйзам күчүнө кирерден мурда түзүлгөн макулдашуулар аларда аныкталган шарттарга ылайык аткарылууга тийиш. Мындай учурда бул Мыйзамдын жоболору аталган макулдашууларга карата ал макулдашуулардын шарттарына карама-каршы келбегендей жана ал макулдашууларга ылайык инвесторлор ээ болгон жана ишке ашырып жаткан укуктарды чектебегендей кылып колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-3)
