# 18-статья. Инвестордун укуктарына мамлекеттин кепилдиги

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 18-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-18

---

1. Макулдашууга ылайык инвестор ээ болгон жана ишке ашырган мүлк жагындагы жана башка укуктарды коргоого кепилдик берилет.

2. Инвесторго аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын күчү жайылтылбайт, эгерде аталган актылар макулдашууга ылайык алар ээ болгон жана ишке ашырып жаткан инвестордун укуктарын чектеген болсо, буга ишти коопсуз жүргүзүүнү, жер казынасын, жаратылыш чөйрөсүн, калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуу, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү көзөмөлдүк кылуучу тийиштүү органдардын көрсөтмөлөрү кирбейт.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-19)
