# 16-статья. Макулдашуу боюнча укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүү

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 16-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-16

---

1. Инвестор макулдашуу боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттерин ар кандай юридикалык жакка же ар кандай жаранга (жеке адамга), эгерде ал адам жетиштүү финансылык жана техникалык ресурстарга жана макулдашуу боюнча ишти аткарууга керек болгон башкаруу ишинин тажрыйбасына ээ болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Макулдашуу боюнча укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүү макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган атайын актыны түзүү аркылуу, макулдашууда аныкталган тартипте жана мөөнөттө жазуу жүзүндө жүргүзүлөт жана аталган актыга кол коюлган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдаланууга лицензияны кайра жол-жоболоштуруу менен коштолот.

3. Өкмөттүн макулдугу менен инвестор өзүнө таандык болгон мүлктү жана мүлктүк укуктарды макулдашууну аткарууга байланыштуу түзүлгөн келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен күрөө катары пайдалана алат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-17)
