# 15-статья. Банк эсеп-кысаптары жана валюталык жөнгө салуу

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 15-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-15

---

1. Макулдашуу боюнча ишти аткаруу үчүн инвестордо көбүнчө Кыргыз Республикасынын аймагындагы же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен чет мамлекеттердин аймагындагы банктарда Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен жана (же) чет өлкөлүк валютада атайын банк эсеп-кысаптары болууга жана алар аталган ишти аткаруу үчүн гана пайдаланылуучу тийиштүү каражаттар болууга тийиш.

2. Инвестор макулдашуунун шартына ылайык ага таандык болгон продукциянын үлүшүн сатып өткөрүүдөн чет өлкөлүк валютада түшкөн каражатты алууга жана аталган банк эсеп-кысаптарында сактоого, ал эсеп-кысаптарда макулдашуу боюнча ишти аткаруу боюнча бардык чыгымдарды, ошондой эле жер казынасын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү төлөөгө, ал эсеп-кысаптардагы каражаттын калганын эркин тескөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-16)
