# 14-статья. Эсеп жана отчеттуулук

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 14-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-14

---

1. Макулдашуу боюнча ишти аткарган учурда инвестордун финансы-чарбалык ишинин эсеби ар бир макулдашуу боюнча өз-өзүнчө, ошондой эле ал макулдашуу менен байланышпаган бөлөк иштерди аткаргандагы андай эсептен өзгөчө жүргүзүлөт. Мындай эсепти жүргүзүүнүн, анын ичинде инвестордун чыгымдарынын ордун толтуруу максатында жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу менен аныкталат.

2. Макулдашуу боюнча ишти аткарган учурда бухгалтериялык эсеп менен отчеттуулук Кыргыз Республикасынын валютасында (сом) же чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Эгерде бухгалтериялык эсеп чет өлкөлүк валютада жүргүзүлсө, мамлекеттик органдарга бериле турган отчетко кабыл алынган чет өлкөлүк валютада, ошондой эле Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен эсептелген маалыматтар камтылууга тийиш. Мында чет өлкөлүк валютада эсептелген бардык маалыматтар отчет түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы нарк боюнча Кыргыз Республикасынын валютасына (сомго) кайра эсептелип чыгууга тийиш.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-15)
