# 11-статья. Мүлккө жана маалыматка болгон менчик укугу

- Документ: [Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1004)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 10-апрелиндеги N 49 "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-954/edition/1173260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1004/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу, 11-статья (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-11

---

1. Инвестор тарабынан жаңыдан куралган же сатып алынган жана ал тарабынан макулдашуу жагындагы ишти аткаруу үчүн пайдаланылган мүлк макулдашууда башкасы каралбаса инвестордун менчиги болуп саналат.

Аталган мүлккө менчик укугу инвестордон мамлекетке ал мүлктүн наркы толук толтурулган күндөн тартып же макулдашуу токтотулган күндөн баштап же тараптар макулдашкан башка күндөн тартып макулдашууда каралган шартта жана тартипте өтүшү мүмкүн. Бул учурда макулдашуу күчүндө турган мөөнөт ичинде инвесторго андай мүлктү макулдашуу боюнча ишти аткаруу үчүн акысыз негизде пайдалануу укугу берилет жана инвестор анын пайдалануусунда турган мүлктү күтүү жана ал кокусунан курман болгондо же кокусунан бузулгандагы тобокелдикти өзүнө алат.

2. Макулдашуу боюнча ишти аткаруунун натыйжасында инвестор тарабынан алынган бардык баштапкы геологиялык, геофизикалык, геохимиялык жана башка маалыматтар, аны чечмелеп түшүндүрүү маалыматтары жана башка туундуу маалыматтар, ошондой эле тоо тектеринин үлгүлөрү, анын ичинде керн, катмар суюктугу менчик укугунда мамлекетке таандык болот. Макулдашууда каралган жашыруундуулуктун шартын сактоо менен инвестор аталган жана башка маалыматтар менен үлгүлөрдү макулдашуу боюнча иш аткаруу максатында эркин жана акысыз пайдаланууга укуктуу. Аталган маалыматты жана үлгүлөрдү пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынан тышкары ташып кетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1004/st-12)
