11-статья. Мүлккө жана маалыматка болгон менчик укугу
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Инвестор тарабынан жаңыдан куралган же сатып алынган жана ал тарабынан макулдашуу жагындагы ишти аткаруу үчүн пайдаланылган мүлк макулдашууда башкасы каралбаса инвестордун менчиги болуп саналат.
Аталган мүлккө менчик укугу инвестордон мамлекетке ал мүлктүн наркы толук толтурулган күндөн тартып же макулдашуу токтотулган күндөн баштап же тараптар макулдашкан башка күндөн тартып макулдашууда каралган шартта жана тартипте өтүшү мүмкүн. Бул учурда макулдашуу күчүндө турган мөөнөт ичинде инвесторго андай мүлктү макулдашуу боюнча ишти аткаруу үчүн акысыз негизде пайдалануу укугу берилет жана инвестор анын пайдалануусунда турган мүлктү күтүү жана ал кокусунан курман болгондо же кокусунан бузулгандагы тобокелдикти өзүнө алат.
2. Макулдашуу боюнча ишти аткаруунун натыйжасында инвестор тарабынан алынган бардык баштапкы геологиялык, геофизикалык, геохимиялык жана башка маалыматтар, аны чечмелеп түшүндүрүү маалыматтары жана башка туундуу маалыматтар, ошондой эле тоо тектеринин үлгүлөрү, анын ичинде керн, катмар суюктугу менчик укугунда мамлекетке таандык болот. Макулдашууда каралган жашыруундуулуктун шартын сактоо менен инвестор аталган жана башка маалыматтар менен үлгүлөрдү макулдашуу боюнча иш аткаруу максатында эркин жана акысыз пайдаланууга укуктуу. Аталган маалыматты жана үлгүлөрдү пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынан тышкары ташып кетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу менен аныкталат.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-11" title="11-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>