# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Мүлк" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Мүлк" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 643
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1768/edition/1229169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Мүлк" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10026

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-октябры № 643 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Мүлк" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Мүлк" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбула "мүлктөрдү" деген сөздөн кийин ", ошондой эле башка мамлекеттик менчикти" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын уставында:

10-пунктунун биринчи абзацы "объекттердин" деген сөздөн кийин ", ошондой эле башка мамлекеттик мүлктүн" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
