Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 519 "Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу 1-берене. Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 519 токтому менен жактырылган
Женева шаарында 2005-жылдын 6-декабрында кол коюлган, 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) Башкы кеңешинин чечими менен 2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган. Протоколдун негизги максаты болуп дары препараттарын алууну жөнөкөйлөтүү саналат. Айтсак, Протокол менен БСУнун өнүгүп жаткан жана начарыраак өнүккөн мүчө өлкөлөрүнө алардын кымбат эмес, патенттелген дарыларды чыгарууга жана импорттоосуна милдеттүү лицензия берүүнү караштырган 31bis берене жана Тиркеме киргизилген. Андан улам ДСУга мүчө өлкөлөр аларда өзгөчө кырдаал же элдин ден соолугуна коркунуч келтирген, Өкмөт тарабынан шашылыш чаралар көрүлүшүн талап кылган башка олуттуу жагдайлар болгон учурларда патенттин ээсине милдеттүү компенсация төлөбөстөн эле оригинал препараттарды жасай алышат же алардын арзаныраак копияларын сырттан алып келе алышат. Бул механизм фармацевтика секторунда өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болгон ДСУга мүчө өлкөлөр үчүн кымбат дары каражаттарын алуу проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берет. Мында дары каражаттарын берүү саламаттык сактоо системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл чектерде ишке ашырылат. Андан тышкары, бул Протокол фармацевттик продуктуларды чыгаруу жана ташып келүү механизмин, ташуу учурундагы алардын айырмалуу өзгөчөлүктөрүн, эркин соода зонасына мүчө жана өз алдынча болгон шарттарда аларды жүгүртүүгө киргизүү үчүн субъектилердин укуктарын жөнгө салат. Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт жана финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 1907-VI "2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын…Постановление · 28.09.2017 · № 1907-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-октябрындагы № 1918-VI "2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын…Постановление · 19.10.2017 · № 1918-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 1934-VI "2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын…Постановление · 26.10.2017 · № 1934-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2005-жылдын 6-декабрында Женева шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 22.11.2017 · № 192
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон