# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 513
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19950/edition/860551/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100250

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 513 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө техникалык көзөмөлдөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентине (ББ ТР 014/2011) шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана заказчынын, подрядчынын жана инженер-консультанттын өз ара мамилелери жөнүндө жободо:

1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобо";

2) 1-пунктундагы "техникалык регламенттердин" деген сөздөр "Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 014/2011) (мындан ары - техникалык регламент)" деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын;

3) 4-пунктунун экинчи абзацы "ушул Жобого" деген сөздөрдөн кийин "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору. Курулуш контролдоо жүргүзүү талаптары" техникалык регламентине МАМСТ 32731-2014 жана келишимдик милдеттенмелерге" деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен толукталсын;

4) 6-пунктунун экинчи абзацында:

- "ченемдик документтердин" деген сөздөр "техникалык регламенттин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "долбоорлорго" деген сөз "долбоордук документтерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5) 7-пунктунда:

- үчүнчү абзацындагы "долбоордон, ченемдик документтерден" деген сөздөр "долбоордук документтерден" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацындагы "ченемдик документтердин" деген сөздөр "техникалык регламентке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- он төртүнчү абзацы "актыларынын" деген сөздөн кийин "техникалык регламенттин аткарылган иштерин орто аралык кабыл алуу талаптарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

- он бешинчи абзацы "болгонуна жараша" деген сөздөрдөн кийин "техникалык регламенттин аткарылган иштерин орто аралык кабыл алуу талаптарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

- отуз экинчи абзацында:

"техникалык шарттарга, ченемдерге" деген сөздөр "долбоордук документтерге, техникалык регламенттин талаптарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "ал иштердин акысын төлөө үчүн актыларды" деген сөздөр "аткарылган иштерди кабыл алуу жана төлөө сертификаттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) 8-пунктунда:

- үчүнчү абзацында:

"аткарууну," деген сөздөн кийин "техникалык регламенттин талаптарын" деген сөздөр менен толукталсын; "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 014/2011)" деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацындагы "долбоордук-сметалык документтердин" деген сөздөр "долбоордук документтердин жана техникалык регламенттин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацындагы "долбоорго" деген сөз "долбоордук документтерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- тогузунчу абзацында:

"ченемдик" деген сөз алып салынсын; "документтердин" деген сөздөн кийин "жана техникалык регламенттин" деген сөздөр менен толукталсын;

7) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Заказчынын, инженер-консультанттын жана подрядчынын ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер (контракттар) менен жөнгө салынат.";

8) 27-пунктунун төртүнчү абзацындагы "жумушчу" деген сөз "кабыл алуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
