# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 444
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19949/edition/1184361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтому (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100248

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 438 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-июлу № 444 Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-мартындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндөгү убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 629 "Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндө убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык системасын модернизациялоо боюнча "GТАС" долбоорун ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
