# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 512
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19947/edition/860537/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 "Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100243

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 512 Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана коргоонун укуктук негиздерин өркүндөтүү максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 18-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-октябрындагы № 588 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-ноябрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-октябрындагы № 588 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
