Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу „Кыргыз автобекети“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 509 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык) Станциялык жайларда жүргүнчүлөргө, ташуучуларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, рационалдуу транспорттук системаны калыптандыруу, транспорт саясатын натыйжалуу жана максаттуу жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек автовокзалы", "Чыгыш автовокзалы", "Ош областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы", "Жалал-Абад областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы", "Ысык-Көл областтык автобекеттер жана автокассалар ишканасы", "Талас областтык автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар ишканасы", "Нарын областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы" мамлекеттик ишканалары бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы болуп өзгөртүп уюштурулсун.
2. "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардын укук улантуучусу болуп эсептеле тургандыгы аныкталсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп уюштуруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү актысын бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын" УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Устав · 18.08.2017 · № 509 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын" Уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 токтому менен бекитилген)Устав · 16.08.2013 · № 463
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.08.2013 · № 463