# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 508
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19944/edition/860529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100239

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 508 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- "Б" категориясы (маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн "Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер" графасындагы 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
