# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 507
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19942/edition/1122525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунун № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому (24.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100235

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 507 Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү жол жоболорун ишке ашыруу үчүн электрондук соода аянтчасын киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)

2.( КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту

21.( КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
