# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 503
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19941/edition/860519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100234

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 503 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ачык компанияларда милдеттүү аудитти жүргүзүү боюнча маселени жөнгө салуу максатында, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ачык компаниялар аудитордук уюмду тандоодо ушул токтомдун тиркемесине ылайык талаптарды жетекчиликке алуулары зарыл.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудиторлорго коюлуучу талаптарда:

биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдун аудитору акыркы 3 (үч) жылдын ичинде Финансы отчетунун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык түзүлгөн 10дон (он) кем эмес финансы отчетунун аудитин жүргүзүү тажрыйбасына ээ болушу керек.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
