# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 496
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19936/edition/1182308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100227

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 496 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында:

- 37-пунктунун "Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги" сабынын 5-мамычасындагы "26" деген цифралар "29" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасына жаңы муундагы стандарттарды этап менен киргизүү иш-чараларынын планында:

- 2-пунктундагы "4" деген цифра "5" деген цифра менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- кийинки жылдарга базистик окуу планын оптималдаштырсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-2018-окуу жылдарына карата базистик окуу планын ишке ашыруу үчүн эсептөөлөргө ылайык 23,0 (жыйырма үч) миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүп берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
