Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 „Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 22 июля 2022 года № 393 "Об утверждении Государственного образовательного стандарта школьного общего образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 496 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында:
- 37-пунктунун "Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги" сабынын 5-мамычасындагы "26" деген цифралар "29" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасына жаңы муундагы стандарттарды этап менен киргизүү иш-чараларынын планында:
- 2-пунктундагы "4" деген цифра "5" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- кийинки жылдарга базистик окуу планын оптималдаштырсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-2018-окуу жылдарына карата базистик окуу планын ишке ашыруу үчүн эсептөөлөргө ылайык 23,0 (жыйырма үч) миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүп берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2014 · № 403 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген)Стандарт · 21.07.2014 · № 403 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү…Постановление · 22.07.2022 · № 393 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.07.2014 · № 403 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү…Постановление · 22.07.2022 · № 393 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон