# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 491 "2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 491 "2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 491
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19924/edition/860475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 491 "2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100212

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-августу № 491 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 22-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 1780 (бир миң жети жүз сексен) сом суммасында белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатууга 263 800 000 (эки жүз алтымыш үч миллион сегиз жүз миң) сом суммасындагы акча каражатын кайтарып берүү шарттарында берсин.

- пенсиянын базалык бөлүгүнүн өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдө төлөнүшүн камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылга республикалык бюджетте мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттарынан 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатууга берилген 263 800 000 (эки жүз алтымыш үч миллион сегиз жүз миң) сом суммасында акча каражатын карасын жана 2018-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна алардын кайтарып берилишин камсыз кылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
