# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 "Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 "Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19923/edition/860471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 "Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100210

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-августу № 483 Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
