Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-августу № 464 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 “Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 21-пунктундагы «1267» жана «1109» деген цифралар тиешелүү түрдө «1227» жана «1069» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомун ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2016 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон