# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 478
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19916/edition/1118372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө" токтому (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100200

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-августу № 478 Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык) БУУнун Жашыл климаттык фондусунда, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын талаптагыдай көрсөтүү, инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай тармактарына заманбап технологияларды жайылтуу жана өткөрүп берүү аркылуу климат өзгөрүлүп турган шартта туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоого көмөктөшүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору (мындан ары - Климаттык борбор) уюштурулсун.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
