Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан Самат Садыков атындагы паркты Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарыньш муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-июлу № 451 Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан Самат Садыков атындагы паркты Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарыньш муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренедерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында турган Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан, аянты 2,71 га болгон Самат Садыков атындагы паркты (мындан ары - Парк) Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарыньш мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- Паркты муниципалдык менчикке кабыл алуу жана кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- Паркты максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздоо;
- Паркты көрктөндүрүу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгертүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргазсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон