# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-августундагы № 469 "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-августундагы № 469 "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19914/edition/860449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-августундагы № 469 "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (09.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100198

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-августу № 469 "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги беларусь тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-августундагы № 469 токтому менен жактырылган

2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келип, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-майындагы № 221-б буйругу менен жактырылган. Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы тышкы саясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалык жана башка кызматташуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо болуп саналат. Макулдашуунун 13-беренеси менен анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу каралат, ушуга байланыштуу бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында аны ратификациялоо зарыл. Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
