Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 „Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 ноября 2018 года № 561 "О вопросах лицензирования права пользования недрами"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-11-29.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-октябры № 638 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аукцион объектисинин баштапкы баасы - бонустун (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) суммасын жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;"; 65-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "65. Аукцион объектисинин акыркы баасы бонустун суммасын жана геологиялык маалыматтын пакетинин баасын алып салганда төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 93 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 7 пайызы - жер казынасынын объектиси жайгашкан жер боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешесине которулат. Жергиликтүү бюджетке жогоруда аталган каражаттарды которуу лицензия алган аукциондун жеңүүчүсүнө жер участогун пайдаланууга бөлүп берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардагы иштерди аткарууга макулдук берүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 561
- Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген)Положение · 14.12.2012 · № 834 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561-токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 561
Шилтеме берет (4)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 561
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2012 · № 834 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон