Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 „Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн күн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 октября 2021 года №220 "Об утверждении Типового положения о фондах развития регионов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-14.
(КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы №220 токтомунуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-августу № 465 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн күн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр киргизилет:
- архитектура жана курулуш иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- жарандык коргонуу жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- райондун аймагында жайгашкан айыл аймактарынын жана жергиликтүү маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын төрагалары;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Коомдук байкоочу кеңешинин сунушу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Байкоочу кеңештин жыйынына добуш берүү укугусуз катышат.";
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр киргизилет:
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- экономика иштери боюнча республикалык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- жарандык коргонуу жаатындагы аймактык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- райондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин төрагалары;
- райондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин курамына кирүүчү кеңештердин депутаттарынын ичинен бирден өкүл;
- райондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин сунуштары боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байкоочу кеңештин жыйынына добуш берүү укугусуз катышат. Байкоочу кеңештин жыйыны кворум болгондо мыйзамдуу. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси Байкоочу кеңештин жыйынына катышса, кворум болот.";
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Фонддун башкармасынын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн 50%дан кем эмеси кирет. Фонддун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн 3 жылдык мөөнөткө уюштуруучу бекитет.";
- 35, 37, 38, 40 жана 96-пункттарында "өкмөттүк эмес жана коомдук" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "коммерциялык эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Долбоорго арыздын формасына 1-3-1-тиркемедеги "ӨЭУ" деген аббревиатура "КЭУ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмесиндеги "ӨЭУ" - "өкмөттүк эмес уюмдар" деген аббревиатура жана сөздөр "КЭУ" - "коммерциялык эмес уюмдар" деген аббревиатурага жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 10-ноябры № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон