# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 453
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19901/edition/860419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу" токтому (27.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100183

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-июлу № 453 Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 614-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар (мындан ары - фотовидео фиксациялоо системасы), автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- администрациялык айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алсын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ай сайын аталган каражаттарды салыштырып текшерип турсун;

- администрациялык айыптарды төлөөдөн иш жүзүндө түшкөн каражаттарды эске алуу менен бюджеттик мыйзамга ылайык тийиштүү мөөнөткө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
