# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 458
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19898/edition/860411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100179

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-августу № 458 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк секторун өнүктүрүү жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) долбоору менен мобилдүү үрөн тазалоочу машиналарды жана бурулуучу, коңтормо асма соколорду алган үрөнчүлүк чарбаларга жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- үрөнчүлүк чарбаларга кредитке берилген мобилдүү үрөн тазалоочу машиналардын жана бурулуучу, коңтормо асма соколордун алгачкы наркын 70 пайызга төмөндөтсүн.".

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомго ылайык мурда түзүлгөн кредиттик макулдашууларга кошумча макулдашууларды түзсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
