# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19893/edition/860399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100173

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-июлу № 448 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин натыйжалуу иштөөсү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;";

- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо боюнча сектор башчысы, Координациялык кеңештин катчысы.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
