# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлу № 424 "2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлу № 424 "2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 424
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19892/edition/1145884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлу № 424 "2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому (06.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100171

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-июлу № 424 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө 2021-жылга интеллектуалдык менчик рыногунун иштеши үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары анын аткарылышын камсыз кылсын жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен квартал сайын тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
