Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-июлу № 436 «Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
C.Ш.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
1. Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө бразилия тарапка кабарласын.
3-берене
3. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасыньн Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 436 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2017-жыллын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасыньш Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасыньш Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасыньн Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыньн ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасыньн Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдьн 25-апрелиндеги № 129-6 буйругу менен жактырылган. Аталган Макулдашууга 2017-жылдьн 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган. Кыргыз Республикасыньн Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу женүндө макулдашуу жарактуу улуттук дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана болуу үчүн токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотууну карайт. Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Бразилия Федеративдик Республикасынын жарандарынын - дипломаттык жана кызматтык улуттук паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет жана эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктурүүгө мүмкүндүк берет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансылык чыгымдарды, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1864-VI "2017-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия…Постановление · 14.09.2017 · № 1864-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 1875-VI "2017-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия…Постановление · 21.09.2017 · № 1875-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 129-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык…Распоряжение · 25.04.2017 · № 129-р
- 2017-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана…Закон · 21.09.2017 · № 179
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.